«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Дайыны белгисиз болуп жаткан 2 кыргызстандык кыздын сүрөтү

Социалдык тармактарга терактыдан кийин «Крокус» кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышууда. ТИМ маалымат берип, учурда кыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдиришти.

«Министрлик Кыргыз Республикасынын элчилиги менен бирдикте учурда байланышууга мүмкүн болбой жаткан эки Кыргыз Республикасынын жаранынын жакын туугандары менен байланышта. Ошол эле учурда орус тарап расмий жарыялаган жабырлануучулардын тизмесинде кыздар тууралуу маалыматтары жок», — дешти.

Учурда орус бийлиги жабыркаган жарандардын тизмелерин тактоодо. Ал арада дайындары белгисиз болуп жаткан 24 жаштагы Эдита Жусупова жана 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын сүрөтү жарыяланды.