«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканы айтылууда

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги менен биргеликте 22-мартта «Крокус сити холлдо» болгон каргашалуу окуялардан жапа чеккен Кыргыз жарандары тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Социалдык тармактарга терактыдан кийин «Крокус» кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышууда. «Министрлик Кыргыз Республикасынын элчилиги менен бирдикте учурда байланышууга мүмкүн болбой жаткан эки Кыргыз жаранынын жакын туугандары менен байланышта. Ошол эле учурда орус тарап расмий жарыялаган жабырлануучулардын тизмесинде жарандар тууралуу маалыматтары жок», — дешти.

Учурда орус бийлиги жабыркаган жарандардын тизмелерин тактоодо.