«Крокустагы» кандуу окуяда каза болгондорду, жаракат алгандарды чыгарышкан кыргызстандык окуя тууралуу айтып берди

Рустам Бактыбеков 22-мартта Орусиядагы «Крокус сити холлдогу» кандуу окуяга күбө болуп, ал тургай комплекстеги жаракат алган жана каза болгондорду чыгарууга катышкандарды бири. Ал тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып, 150-200 адамды тышка чыгарууга жардам бергенин жазышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Рустам Бактыбеков менен байланышканыбызда каргашалуу күндү эстеди.

«Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кабак деген айылда туулуп-өскөм. Москва шаарында 2010-жылдан бери окуп, иштеп келем. Каргашалуу окуя болгон күнү «Крокус сити холлго» жумушка чыккам. Биздин компания ал жерде да иштейт. Окуяда жаракат алгандар, каза болгондор болду. Ошол учурда мен да ошол жерде болдум. Кирген адамдарды көрдүк. Биз да сыртка чыгууга аракет кылдык. Чогуу иштешкендерди толуктап, коопсуз жерге жиберип, кайра келгенге мажбур болдук. Анткени 1-2 кесиптешибиз чыкпай калган. Келсек жаракат алгандар жардам сурап жаткан учурда туш болуптурбуз. Кетип калуу туура эмес болчу. 

Биринчи ок чыгарылган учурда баарыбыз эле тамашалуу бир нерсе деп ойлодук. Биздин иштеген жер өзүнчө бөлүнүп турат, үн катуулай баштаганда ошонун артына жашындык. Башымды чыгарып карасам, биз жакты көздөй келе жатышыптыр, бирок жүздөрүнө көңүл бурган эмесмин. Тез кыймылдоого аракет кылуу керек эле. Жаракат алып, каза болгондорду чыгарыптырбыз. Себеби, ал учурда нес абалда болсом керек, чуркап эле жардам берип жүрдүк. 10-15 жаракат алган адамды чыгардык. Ал эми жер төлөөсүндө калган адамдар өтө көп болчу. Биз жарадар адамдарды ташуу менен алек болуп жүрдүк»,- деди ал.