Кудай чоң сактады! Манаслу чокусунда кар көчкү түшүп, кыргыз альпинисттери аман калышты

Гималайдагы Манаслу чокусунда жайгашкан базалык лагерге кар көчкү түштү. Анда 35 чатыр кар көчкү астында калып, лагердин 95 пайыздан ашуун жашоочулары жогору жакта болгону үчүн аман калышкан. Кырсыктан жабыркагандар жоктугун альпинисттер соцтармактагы баракчасында жарыялашты.

Буга чейин алгачкы кыргызстандык экспедиция Гималайдын Манаслу чокусун багындыруу үчүн жөнөп кетишкени маалым.