«Мектептерде акча чогултуу дагы эле уланып жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
«Булар Кудайдан да, Садыр Жапаровдон да, Камчыбек Ташиевден да коркпойт экен. Кандай токтотобуз билбебиз. Бир, экөөнү кармап, коомчулукка чыгарып, анан токтотпосо, болбойт окшойт. Дагы эле арызданып жатышат», — деди ал.