Кулак кагыш: «Дордой» базарынан шаарды көздөй жаңы көпүрө ачылган

Бүгүнкү күндө «Дордой» базарынан чыккан айдоочулар шаарды көздөй багыт алган учурда көпчүлүгү Элебесов көчөсү менен кетери белгилүү. Бирок Эне-Сай жаңы конушунда көпүрө ачылып, ал аркылуу Алма-Ата көчөсүнө чыгып кетүүгө болоорун көпчүлүк айдоочулар биле беришпейт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Айдоочулар, «Дордой» базарынан шаарды көздөй чыккан учурда, жол тыгынын пайда кылып, Элебесов көчөсү менен гана каттай бербестен, мына ушул жаңы көпүрө аркылуу Алма-Ата көчөсүнө чыгып кетүүгө болоорун эскертебиз», — деп жазылат маалыматта.