«Кумтөр иши». Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында Кумтөр боюнча камакта жаткан экс-спикер Асылбек Жээнбековду колдоо митинги өтүүдө. Митингчилер аны камактан бошотууну талап кылышууда.

Бүгүн сотко кылмыш ишин тергөө мөөнөтүн узартуу боюнча материалдар келип түшкөн. Мындан тышкары, шектүүлөр Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын узартуу маселеси каралат.