Курманбек Бакиевдин карындашы Кыргызстанга 100 электр мобиль алып келет

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин карындашы, тактап айтканда, Курманбек Бакиевдин бир тууганы Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек 2022-жылы Кыргызстанга 100 электр мобиль алып келет. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Ал директор болуп иштеген Spark компаниясы электр мобилдерди сатуу жана тейлөө, ошондой эле электр заряддоочу станцияларды орнотуу менен алектенет. «Учурда Кыргызстанда 400дөй электр мобиль бар. Биз Кыргызстандагы таксилерди жана коомдук транспортту электр мобилге өткөрүү аракетин жасап жатабыз. Учурда «Намба» такси кызматы бизден 10дон ашуун электр мобиль сатып алды. 2022-жылдын январь айында Кыргызстанга дагы 100дөн ашуун электр мобиль алып келебиз», — деди ал.

Ал мындан тышкары, Кыргызстандын бардык аймагына электр мобиль колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында кубаттоочу станцияларды Ысык-Көлгө, Бишкекке, Жалал-Абадга курууну пландап жатканын айтты.