Башкы прокурор Мирлан Ураимовдун иши боюнча: «Жамандап коюу үчүн гана кылмыш козгогон туура эмес»

Бүгүн, 9-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн маалымат жыйын өткөрдү.

Ал жыйында кечээ кечинде УКМК тарабынан кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов боюнча да маалымат берди. Иш мыйзамдуу караларын айтты. «Бир эле жамандап коюу боюнча кылмыш козгогон туура эмес. Эгер оюнун түпкүрүндө чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо, жооп бериш керек», — деди ал.

Кечээ, 8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми бүгүн, 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришти. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Түндө барып, бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып, кыйнагандын эмне кажети бар? Ураимов бир жакка качып кетеби? Же ал террористпи?» деди.