Курултайда көзүнө жаш алган баткендик карыя: «Чек арадагы окуяда уулумду жоготтум. Эстеген сайын ыйлайм»

Өткөн аптада өткөн элдик курултайда бир делегаттын сөзү элдин өзгөчө көңүлүн бурду. Ал Баткен облусунан келген Жалил Каработоев. Биз дал ошол чек арага чектеш жайгашкан Көк-Таш айылынын тургуну менен байланышып, кенен сүйлөштүк.

Анын уулу өткөн жылдын жаз мезгилиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда көз жумган. Ал журналисттерге берген маектеринин биринде уулу каза болгон соң, үйүнө көгүчкөн учуп келип жашап жатканын айткан. «Уулум Кадамжайда жашагандыктан сөөгүн Кадамжайга койгонбуз. Башыма көп түйшүк түшүп, эмне болуп жатканын унутуп коюптурмун. 2-3 жумадай Көк-Таштагы үйдө эч ким болгон эмес. Кайра келсек көгүчкөн пайда болуп калыптыр. Кайдан келгенин билбейм. Азыр деле бар. Түгөй алып келсек, качып турбай койду. Тооктор менен чыгат кайра кирет. Эң кызыгы ал түн ичинде короздун үстүндө уктайт. Кээде баламды эстеп ыйлайм. Уулум аябай жароокер болчу. Апам экөөңдү ажыга алып барып келсем деп айтчу эле», — деди сыздаган карыя.