Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева мындан ары окуучулар мектепте өз классын жыйнай турганын айтты.
«Балдар өзүн-өзү тейлөө, бирөөнүн эмгегин баалоо жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу максатында башталгыч класстан баштап, өзүнүн классын жыйноо системасы кирет. Төмөнкү класстан жогорку класска чейин. Укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыкпагыла. Бирөөнүн короосун же үйүн жыйнабайт. Бул үчүн дагы башка өлкөлөрдүкүн карап жатабыз», — деди ал.
Өзү окуган классты эле эмес. Мектептин айланасында окуучуларды жыйноого милдеттендирүү керек. Бул да эмгекке тарбиялоо, айлана чөйрөнү сактоого үйрөтүү болуп эсептелет.
Мектепте эмгекке тарбиялоо,окуучуга таасирдуу болот.
Туура.Мен 62 деги апамын.Союз кезинде мектепте окуган учурубузда күн сайын 2 ден окуучу класска дежур болуп,пол жууп класстын тазалыгына жооп берчүбүз!Ар жума 6-күнү мектептин айланасына «субботник» жасап шыбырап, өрттөчүбүз.
Окуучулардын кулагынан «наушниктерди»алдырып, телефон карматып кое бербей » мектептин тазалыгы» үчүн иштетиш керек.!!! Эң туура!! Мен колдойм.
Мен да колдойм, туура, тазалыкка оз аркасынан жыйнап жоопкерчиликтуу болуу керек бир гана мектепте эмес бут жерлерде. Балдарыма дайыма айтам кайсы жерде журсонорда таза жургуло арканардан тазалагыла деп.