Ысык-Көлдө милиционерлер кыздын өмүрүн сактап калышты. Бир аз кеч калганда ал Ысык-Көлгө чөгүп кетмек. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
31-июль күнү болжол менен кечки 18:15те Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Кекилик” пансионатындагы көлдүн жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Нурланбек уулу Жеңиш жана милициянын кенже сержанты Айнабек Курманбеков жардам сурап жаткан кыйкырыкты угушкан. Алар дароо көлгө чөгүп жаткан жаранды көздөй чуркашып, аман-эсен куткарып калышкан.
Куткарылган жаран Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштагандыгын, милиционерлер көрүп калып, бир өлүмдөн куткаргандарына ыраазы экенин айткан. Куткарылган кыз өз убагында ыкчам куткарып, дагы бир өмүр тартуулаган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирген.