Кыйноолорду алдын алуу борбору: «Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси кыйноо көрсөткөн үчүн соттолгон»

«Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси айыпталуучуга карата кыйноо колдонгону боюнча арыз түшкөн»,- деп билдирди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасы Бакыт Рысбеков 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында.

Анын айтымында, жыйынтыгында убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси соттолуп, 300 миң сом айып салынган. Рысбеков борбордун 2019, 2020, 2021-жылдары аткарган иштери боюнча отчетторун берди.