«Күйөөм чаарала дейт» деген SUPERTV’нын каарманы үйлүү болду (видео)

Былтыр жайында Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын тартканбыз. Ал “жолдошум бычак такаганда 3 кызымды алып үйдөн чыгып кеттим” деген. Каарманыбыз ал кезде кош бойлуу болчу, кийин эгиз кыздарды жарыкка алып келген. Ал эми азыр ал кайда жашап жатат, учурдагы турмушу кандай, SUPERTV алып баруучу Назира Бердигулова менен биргеликте Назгүл Акматовадан кабар алып келди.

«Видео чыкканга чейинки абалым өтө эле оор болчу. Кош бойлуу болчумун, барарга да жерим жок болчу. Сиздер аркылуу Назира эжеге да жолуктум. Документтеримди бүтүрдүм. Азыр баары жакшы. Мени тааныган да, тааныбаганы да жакшы сөзүн айтып, колдоп турду. Баарыңарга ырахмат. Үй боюнча арабдардын фондуна мен тууралуу кабар жеткен экен. Алар мага келишти. Жашоо-шартымды көрүп, «жарым жылда үйлүү болосуң» дешти. Негизи ишенген эмесмин. Арабдар келген соң ишендим. Жарым жылдан соң үйгө кирип калдык», — деди ал.