«Күйөөм менен 2 жыл мурда ажырашкам. Азыр бизге каралашпайт» дейт чанда кезикчү ооруга чалдыккан баланын апасы

8 жаштагы Муслим аттуу бала гидроцефалия деген чанда кезигүүчү оору менен жабыркайт. «Баламдын башы 20 килограммдай чыгат, көлөмү чакан казандай. Учурда чет өлкөдө гана жасалчу операцияга муктажбыз. Чамабыз чектелүү болгону үчүн элден жардам сурайм» дейт баланын апасы.

Апанын айтымында, түйүлдүк кезде дарыгерлер уулунда оору бар экенин айтышкан эмес, анын өөрчүшү начар экенин, башында суу бар экенин ал кош бойлуулуктун 9-айында төрөт бөлмөдө билген.

«Уулум азыр 8 жашта. Башындагы суусу жана грыжа менен төрөлгөн. 49 күндөн кийин грыжасын алдыртканбыз, ошондон улам башындагы суусу көбөйө берди. Учурда абалы ушундай. Операцияга чейин башы 82 сантиметр болчу. Операциядан кийин суу азайгансыды. Учурда баламдын башы 15-20 килограммдай. Көлөмү кичине казандай. Башы аябай оор. Кыймылдатканга да мүмкүнчүлүк жок. Өзү башын кыймылдата албайт. Мен көтөрүп, капталдатып турам», — деди ал.

Келиндин учурда Муслимден башка дагы эки кызы бар. «Эртеден-кечке уулумдун жанында болом. Азыр баланы көтөрүш да кыйын болуп калды. Мен да уулумдун чуркап, ойношун каалайм. Кудайдан үмүтүмдү үзбөйм. Баламдан кийин кыздуу болдум. Дагы бир кыздуу болдум. Бири 4, бири 5 жашта. Жолдошум менен ажырашканыма 2 жыл болду. Ажырашканыма уулум себеп болду деп айта албайм. Мен деле ажырашайын деген эмесмин, жөн гана пикир келишпестик, жаңжалга чыдабай, мажбур болдум. Айлам жок болду. Баламдын атасы башка шаарда бизди карабайт. Жардамдашпайт», — деди апасы.