“Күйөөм мени 6 бала менен таштанды таштоочу жайга таштап кетти” дейт 6 баланын апасы

Элнура Курманова шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланасында 6 баласы менен вагондо күн кечирет. Ата-энесиз өскөнүн айткан ал башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берди.

Келиндин биринчи турмушунан 4 баласы бар. Биринчи жолдошу айдоочу болуп иштеген. Келин анын жол кырсыгынан каза болуп калганын айтат. Андан кийин турмушка чыккан. Ал боюнда эгиздерди көтөрүп жүргөндө таштап кеткен. Келин тааныштарынан анын үй-бүлөсү бар экенин уккан.

«Мага аялым жок деп айткан. Аялы, балдары бар экен. Ал мени таштанды таштоочу жайга таштап кеткен. Эгиз балдарымды чанып, таштап кетти. Эч кандай байланыш жок. Жардам бербейт. Ал эми биринчи жолдошумдун туугандары балдарды сагынганда алып кетип, кайра алып келип беришет. Жардам беришпейт. Алар деле кыйналып жашашат», — дейт келин.