Биздин бул жолку каарманыбыз жалгыз бой эне. Ал шаар четиндеги ижарага алган жапыз үйдө төрт баласы менен күн кечирет. Балдарынын улуусу 13 жашта, кенжеси 11 айлык. Муздак тарткан тар бөлмөдө балдары менен күн кечирип жаткан жалгыз бой эне тагдырын баяндады.
«4 баланын апасымын. Жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Таштап кетти деп айтпайм, ортодо келишпестиктер болгондуктан «бар, каалаган жагыңа бар» деп айткам. Мен үйгө көбүрөөк акча таап келчүмүн. Ал болсо, аны жок кылып койчу. Жалганды да көп сүйлөчү. Орусияда да жакшы иштей алган жок. Жалган айтып, качып келген. Жөн эле качып келбей, жанындагылардын телефондорун уурдай келген экен. «Кайненем өлдү» деп качып келиптир. Уруш ошондон башталды. Ага чейинкисин көтөрүп келгем, ушундан кийин кой дедим. Бир жолу үйдө көп акча бар эле, эжеси келип, жарымын алыптыр да, «мен алдым» деген кат таштап кетиптир. Ал эми жарымын кышында батирдин акчасын төлөйүн деп ойлогом, аны күйөөм карызына берип салыптыр», — дейт келин.








