“Күйөөмдү балдарым үчүн кечирем” дейт Сокулукта кыз зордуктады деген шектүүнүн аялы

5-декабрь күнү эртең менен 16 жаштагы кызды белгисиз бирөө Чүйдүн Сокулук районунан Бишкек шаарына чейин ала кетүүнү убада кылып, унаасына салып, жарым жолдон күч колдонуп, зордуктаганы тууралуу маалымат тараган. Кылмышка 31 жаштагы жаран шектелип кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул окуядан улам аталган айылдын тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан. SUPER TV телеканалы кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү учурда кайда жашап жатканын билип келди. Шектүүнүн аялы Элиза Тойчубек кызы күйөөсү тууралуу буларды айтып берди.

«Акыркы жолу түнкү саат 12де сүйлөшкөм, досторум менен жүрөм деп айткан, балдарым мектепке баргандыктан биз эрте эле жатып алганбыз. Жолдошум ошол бойдон келген жок. Биздин турмуш курганыбызга 10 жыл болду, 10 жыл аралыгында бир да мындай ишке барган эмес. Эл бир ай мурда ушундай иш болгон деп жатышыптыр, андай иш болгон эмес. Бул окуя бизди жаман абалда калтырды, жолдошум билбестиктен улам, мастыгынан улам ушундай жолго кабылды. Ал үй-бүлөсүнө камкор ата, күйөөмдү балдарым үчүн кечирем. Ал эми жабырлануучу кыздын өзүнөн жана жакындарынан кечирим сурайбыз», — дейт ал.