Нарындын Эмгек-Талаа айылынын жашоочусу Урматбек Абдиевди мындан бир нече жыл мурда көчөдөн машина сүзүп кеткен. Мындан улам, ал басуу, өз алдынча кыймылдоо, угуу, көрүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калган. Каарманыбыз бара-бара оңолгону менен, азыркыга чейин өзгөчө камга муктаж экенин анын жубайы ыйлап айтып берди.
Урматбек Абдиевдин айтымында, 5 баласы бар. Балдарынын эң улуусу 5-класс, эң кичүүсү 1,5 жашта. 3 кыз, 2 эркеги бар. Кырсыкка чейин тигүүчү цехте иштечү.
«Жолдошум экөөбүз 2010-жылы апрелде баш кошконбуз. 5 балалуу болдук. Эч кимдин көзүн карабай жашап келдик. Эч кимге жалдырабай жашадык. Өз оокатыбызды өзүбүз кылып келгенбиз. 2020-жылы ушундай акыбалган туш болуп калдык. Ойдо жок жерден ушундай болуп калды. Ушуга чейин Кудайдын сыноосу деп келе жатабыз. 2020-жылы дос балдары менен жолукканы кеткен. Менде деле жаман ой болгон эмес. Үйдөн жакшы эле кеткен. Саат 8дер чамасында чыккан. 5 мүнөттүк жолдо жаш балдар унаасы менен сүзүп кетишиптир. Ооруканада жатыптыр. Туугандар таң атканча издешти. Эртең менен кайнагам сүзүп кеткенин айтты. Бир жумадан соң башынан операция болду. Башынан катуу жаракат алыптыр. Операция болгон соң комада жатты. 15 күн болгондо көзүн ачты. Эч кимди таанычу эмес. Такыр эле кимдин-ким экенин билбей калган. Балдарым атасына абдан жакын болчу. Алар ыйлайт «качан келет» деп. Мен ал күндөрдү эстегим келбейт. Бул күндү душманыма каалабайт элем. Үйгө келгенде кичүү балам такыр атасына жолобой койду. Күйөөмдүн өңү башкача болуп калган болчу. Улуулары таң калып карашты. «Баары жакшы болот» деп сооротуп жүрдүм», — дейт жубайы.