SUPERTV’нын бул жолку каарманы – 5 балалуу келин. Андан кабар алуу үчүн биз мурда акиташ чыгарган ишкана катары пайдаланылганын сыз жайга бардык. Каарманыбыз дал ошол муздак жерде майда балдары менен күн кечирерин айтат.
Ал 16 жашында ала качуу менен турмушка чыккан. Бирок жолдошунун ур-токмогуна чыдабаган келин ажырашууну туура көрөт. Экинчи жолу турмушка чыгат. «Экөөбүз таанышып калдык. Ал мурда үйлөнбөптүр. Мен каршы болгонума көнгөн жок. Апасы жоолук салып, кабыл алды. Башында баары жакшы болчу. Биринчи турмушумдагы баланы кайнежеме бергем. Ал багып алган. Бул жолдошум кийинчерээк келди-кетти болуп жашап калдык. Эң кичүүсүн төрөп, ооруканадан чыккан күнү акчам жок, төрөтканага паспортумду таштап койгом. Үйгө келсем эле келип калды, 2 миң сом берип, кеткен. Ошол бойдон үйгө 3 күн келген жок. Анан келгенде «бир нерсең болсо, ачык айт» десем, макул деген. Мен ал барып жүргөн аялга жолуктум. Анан ал аялга «жакшынакай келин экенсиң, менин үй-бүлөмдү бузбай эле койчу» деп айттым. Экөөбүз кырылдык. Күйөөм адатын таштабады. Анан мен андан башымды бошотуумду сурандым», — деди ал.