Кыйылган бир дарактын ордуна үч көчөт тигилет. Лыжа базасында курула турган коттедж шаарчасы үн катты

Кыйылган бир дарактын ордуна үч көчөт тигилет. «Каракол» лыжа базасында жүздөгөн карагайлар кыйылып, анын ордуна курула турган «Karakol White Hills» коттедж шаарчасы үн катты.

«Куршевель, Аспен, Монблан сыяктуу бүт дүйнөгө таанымал курортторду куруу үчүн да ландшафтты өзгөртүүгө туура келген. Кайсы бир жерде дарактар кыйылып, жолдор курулган. Бирок мунун баары миң эселеп компенсацияланган. Дүйнөлүк практикага ылайык, кыйылган бир дарактын ордуна үч көчөт тигилет. Жакын жайгашкан аймактар өнүгүп, анда жашаган жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээли жогорулап, өлкөнүн бюджети да пайдасын көрөт», — деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.

Компания караколдук лыжа трассасы кантип курулганын да эске түшүргөн. «Баары өзүнөн өзү пайда болуп калмак беле? Жол куруу үчүн жер казылган эмеспи? Дарактар кыйылган эмеспи? Ооба, мунун баары керек болгон. Мунун баары бир гана Инстаграм, Фейсбук, Твиттер башкы байланыш каражаты катары өнүгө элек учурда курулган. Азыр болуп жаткан окуялар 15-20 жыл мурда болсо, эмне болмок эле? Бүгүнкү күндөгү билдирүүлөр жана экологияны сактоо керек деген чакырыктар менен азыркы курортту куруу мүмкүн эмес болмок», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, жер тилкеси мурда эле ижарага алынганы айтылат. «Токойго баш оорутпасак, анда курулушту жай мезгилинде эле баштамккпыз. Бирок токой — бул долбоордун эң башкы баалуулугу. Ошондон улам, алыстан адамдар бул жерде эс алууга келишет. Биз эки ишти күтүп жатабыз Бири — бул дарактардын арасында коттедждерди жайгаштыруу планы, экинчиси — бул токой чарбанын көчөт отургузууга жер бөлүп берүүсү», — деп жазылат билдирүүдө.

Долбоордун авторлорунун айтымында, бул коттедждердин шаарчасы «Каракол» лыжа базасынын борборунда жайгашкан «Тоо токоюндагы швейцариялык шаарча» болот. Коттедждердин баасы бир чарчы метри 1100 доллардан башталат. Шаарча курула электе эле 20 коттедж сатылган.