Күйүүчү майдын кампасынын өрттөнүшү. Бишкек мэри чукул жыйын өткөрөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сакталган кампада өрт чыккан жерде жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Учурда өрт чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаарынын Биринчи май, Свердлов жана Октябрь райондук өрткө каршы бөлүмдөрүнөн 3 бөлүм тартылып, окуя болгон жерге «Бишкексууканалдын» суу ташыгычтары тартылган. Мындан тышкары, мэр өрттүн чыгышына себеп болгон жагдайларды тактоо үчүн бардык шаардык кызматтардын катышуусунда чукул жыйын өткөрөт.