Күйүүчү майдын кымбатташы. Депутат Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин жоопко тартууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча маселени кайрадан көтөрүп жатышат. Депутат Акылбек Кемелов Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында аткаминерлерди жоопко тартуу керектигин билдирди.

«Бензин 42 сом, солярка 30 сомдон сатылып жатканда сиз бааны 50 сомго жеткирбейбиз деп айткансыз. Сиз ошондо кепилдик берип, убада бердгенсиз. Бирок азыр бензин 60 сомдон болууда. Бул убадаңыз үчүн жооп бересизби?» – деп Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаковго кайрылды.

Чиновник кеп күйүүчү майдын баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө тууралуу болуп жатканын түшүндүрдү. «Бүгүнкү күндө Орусияда бензиндин дүң баасы 130 пайызга, дизель майы 85 пайызга кымбаттады. Тышкы факторлордон улам өлкөнүн ичиндеги чыгым кымбаттап жатат», — деди ал.