9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышында майрамдык флешмоб уюштурушту. Бул тууралуу кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында бажы органдарында “Биз коррупцияга каршыбыз!”, “Коррупция — токто” чакырыктары менен баннерлер илинди, ошондой эле МБКнын өздүк курамы менен тематикалык фотосессия өткөн.
Анда жарыяланган сүрөттөр учурда соцтармакта бир гана жылмаюуну жаратууда.