«Кыргыз эл баатыры» наамы, батир, 1 миллион сом». Каныбек Иманалиев мугалимдерге дагы эмнелерди убада кылды?

Кечээ, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.

Алар:
— Президенттин демилгеси менен эми мугалимге “Кыргыз эл баатыры” наамы берилет;
— “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
— Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;
— Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;
— Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.