23-декабрдан 27-декабрга чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.