Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан убактылуу баш тартуу сунушталат

Кыргыз жарандарын Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат таратышты.

30-сентябрга чейин кыргыз тарабы тажик тарабынан Кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсү, андан чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүүнү ала элек. Ушуга байланыштуу, министрлик Кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлушунун бардык кырдаал жана себептери такталганга чейин Кыргыз жарандарынан Тажикстандын аймагына баруу, же Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөлөрдөн келүү, чыгуу сапарларынан убактылуу баш тартууну өтүнөт.

Тажикстандын аймагында Кыргыз жарандарынын укуктары бузулган же аларга карата кысым көрсөтүүлөр көрүнүшү болгон учурда жарандарыбыз Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ыкчам байланыш телефонундоруна кайрылса болот:

+996 551 312 000 — Консулдук департамент;

+992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги.