«Кыргыз көмүр»: «Балыкчыда айдоочулар өз демилгеси менен көмүрдүн тоннасын 3 миң 600 сомдон сата башташты»

Балыкчы шаарында айдоочулар өз демилгеси менен көмүрдүн тоннасын 3600 сомдон сата башташты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Мындан тышкары, ишкана видео менен бөлүштү. Анда Азык Назаралиев аттуу айдоочу бүгүн Тору-Айгыр айылына көмүр алып келип, тоннасын 3600 сомдон сатып жатканын айтат. Ал ошондой эле Балыкчыга жана башка аймактарга тоннасы 3600 сомдон болгон 10 жүк ташуучу унаа көмүр менен чыкканын билдирди.