УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы аскерлери Кара-Кечеге «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Марат Турдубаевдин кайрылуусу боюнча жөнөтүлгөн. Бул тууралуу «Кыргыз көмүрдүн» басма сөз кызматынан билдиришти.
Турдубаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден «Альфанын» аскерлерин жөнөтүүнү суранган. «Кара-Кечеде абал тынч, тынчсызданууга негиз жок», — деп айтылат маалыматта.
5-октябрда «Кыргыз көмүрдүн» учурдагы жетекчиси Мирлан Жакыпов «Биринчи радионун» эфиринде Кара-Кече көмүр кениндеги коопсуздукту камсыздоо үчүн УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы аскерлери барышканын билдирген.