«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, директорлук кызматка Марат Турдубаев дайындалган.
Маалыматтар боюнча, ал Балыкчы шаарындагы «Каухар-Таш» темир-бетон буюмдар заводунда 30 жыл иштеген. 2015-жылдын январында аталган шаардын мэри болуп шайланган. Ошол эле жылдын июль айында арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Ал эми ишкананын мурдагы директору Канатбек Ашырбаев УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалып, 3-октябрга чейин камакка алынган.