Кыргыз куткаруучулары Түркияда 38 жаштагы аялды куткарышты

Кыргыз куткаруучулары Түркияда дагы бир адамды урандынын алдынан аман алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

“Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси” аталган аймагынан ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты”,- дешти.