Бүгүн, 18-июнь күнү кыргыз күрөш курама команда Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтө турган III Дүйнө чемпиондугуна жөнөп кетти. Курама команданы узатуу аземине Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Болотбек Ашыралиев жана федерациясынын өкүлдөр катышты.
Мелдеш 20-23-июнь күндөрү Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
— 60 кг Толубай Шүкүров;
— 66 кг Арлен Эстебесов;
— 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
— 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
— 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
— 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
— 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
— +96 кг Бактияр Мирлан уулу.
Кыз-келиндер арасында:
— 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
— 66 кг Аземи Камчыбекова;
— +66 кг Айжан Анарбекова.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.