Кыргыз-кытай чек арасы 1-майда жабык болот

Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда «Эмгек күнү» майрамдалгандыгына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 1-майда убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү “Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” КӨЖ аркылуу өткөрүү 2-майда кайрадан жанданат.