Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-сентябрда саат 07:54тө очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.