Кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
Анын натыйжасында Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болду. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашты. Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.
Тергөө канчалык болот эле биздин жарандар эмне тажик узбектин солдаттарына бутта болдубу качан болсо чара көрүлөт дейт ушундай чара көрүлдү деп укпадыкко такыр эле