Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбеков бүгүн жерге берилет

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти-сахнанын алдыңкы чебери Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 7-апрелде саат 11:00дө Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Опера ырчысы, Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбеков 6-апрелде көз жумган.