Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, коомдук жана мамлекеттик ишмер Топчубек Тургуналиев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана башкалар сөз сүйлөдү.
Белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиев 4-ноябрь күнү дүйнө салган. Ал 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Афлатун айылында жарык дүйнөгө келген. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.