Royal
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү
25-февралдан 3-мартка чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.