Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында адамдар чогулуп жатканы маалымдалууда

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында адамдар чогулуп жатканы маалымдалууда. Окуянын видеосу соцтармактарга тарады.

Алардын айтымында, Тажик тарап Кыргызстандын аймагына тосмо куруу аракетин көрүшкөн. Азырынча Чек ара кызматынан бул тууралуу үн катыша элек. Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалымат берилерин айтышты.