Кыргыз-тажик чек арасында аксакалдардын ынтымак жолугушуусу өттү

Кыргызстандын жана Тажикстандын чектеш аймагында жашаган элдин аксакалдары ынтымак жолугушуусун өткөрүштү. Жолугушуу 19-февралда өттү. Бул тууралуу «Озоди» жазып чыкты.

“Ынтымак жолугушуусу болду. Лейлектин чек аралаш айылдарынан 40ка жакын аксакал, Тажикстандын Гафуров районунан аксакалдар келди. Жалпысынан 100дөй адам болду. Ынтымак чайын ичип, аралашып отурушту. Көпчүлүгү бирин бири тааныйт экен»,- деп жазылат маалыматта.