Бүгүн, 14-июнда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Саат 06:50-07:00 чамасында Баткен районунун Булак-Башы аймагында Тажикстандын «Кех» чек ара посту тараптан «Булак-Башы» чек ара постун көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик посту тарапка жооп иретинде ок чыгарган. Эки тараптын чек арачылары дароо позицияларды ээлешкен. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти.
Бирок саат 07:50 чамасында тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ата баштаган. Саат 8:10до атышуу токтогон. Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.
Саат 08:40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч. УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканы маалымдалды.











Коён жүрөк эл болдук го . Биздин армиянын да аскер техникаларынын күчүн көрсөтпөсүнөрбү? Күч күчкө гана баш ийет.