Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон 15 жаштагы Элзада Маннанованын сүрөтү жарыяланды. Анын сүрөтүн «Спутник» агенттиги жарыялады.
«Ал мектепте мыкты окуп, волейболду жакшы ойночу», — деп жазылат маалыматта. Маркум айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда ага тажиктер тараптан атылган снаряддын сыныгы тийген. Анын сөөгү Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылында жерге берилген.