Кечээ, 12-апрелдин түнүндө кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган Тажик чек арачысы көз жумду. Бул тууралуу «Озоди» жазды.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы Зоир Саидумаровдун сөөгү бүгүн Дусти районунда жерге берилди. Ал армияга 2020-жылы барган жана анын кызмат өтөө мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калган. Буга чейин анын төшүнөн жана курсак бөлүгүнөн жаракат алганы айтылган.
Катылгандын катыгын берген кыргызым