Кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Тараптардын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө

Бүгүн, 14-июнь саат 17:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалган бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады. Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:
— Булак-Башы жерлигиндеги чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо;
— окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды алардын туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтарууга;
— “Булак-Башы” (КР) жана “Кех” (ТР) чек ара постторунун башчылары күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүгө;
— тараптарды мурда казылган траншеяларды көмүүгө милдеттендирүүгө;
— жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратпоого.

Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.