Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан соң, эки негизги көйгөй боюнча принциптүү чечимге келишкенин айтты.
«Негизги эки көйгөй боюнча принциптүү чечимге келдик. Биринчиси Ворух-Кожалы жолуна тиешелүү, бул боюнча маселе чечилди деп эсептейбиз. Экинчи маселе – мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо. Бул Кыргызстан тарабынан колдонулган Тажикстандын аймагындагы объектилер. Ошондой эле Тажикстан тарабынан колдонулган Кыргызстандагы объектилер. Бул жагдайда да принциптүү чечимге жетиштик», – деди ал.