Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 4-9-августта Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өткөн.