“Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт. Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин колдоосу менен курулган»,— деп айтылат маалыматта.