Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Абдырахманов буга чейин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген. Буга чейин Канат Садыков 2017-жылдан бери КУУнун ректору болуп эмгектенип келген.