«Кыргыз алтындын» жетекчилери отставкага кетти

«Кыргыз алтын» ААКтын жетекчилери толугу менен отставкага кетти. Бул маалыматты журналисттерге аталган акционердик коомунан билдиришти.

Анын ичинде «Кыргыз алтындын» башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов ээлеген кызматынан кетти. Мындан тышкары төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев дагы кызматтан кетишкен.

«Кеңештин жаңы курамы азырынча бизге сунуштала элек. Жетекчиликтеги өзгөрүүлөр тууралуу бардык толук маалымат кийинчерээк расмий түрдө берилет», — деп айтылат маалыматта.