Кыргызча түш жоруган блогер: «Апалар балдарына «муну менен чогуу ойносоң, орусча үйрөнөсүң» дешчү. Болбой калды»

Биз бул жолу интернетте күлкүлүү котормолору менен белгилүү стендапер, блогер Владислав Андрияновду студияга чакырдык. «Ош шаарында төрөлүп, өскөм. Кыргызча ойлонуп, кыргызча түш көрөм. Мени сары кыргыз дешет» деген блогердин маегин сунуштайбыз.

«Менин бир досум бар эле. Ал мага «орусча сүйлө, сен мага орусча, мен сага кыргызча үйрөтөм» дечү. Болбой калды. Апалары балдарына «ошол менен ойно, орусча үйрөнөсүң» деп айтышчу. Мени «биздин сары жигитибиз» дешет. Мага абдан жагымдуу. Мен эч жакка кетпейм», — деди ал.